КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели № 4
Көк-Мойнок айылдык Кеӊешинин токтомдорун кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Самудинова Жазгүл Абдулдаевнага милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б |