Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели № 5
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын алдындагы «Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» муниципалдык ишканасынын мүрзөгө жер бөлүп берүү боюнча кайрылуусуна макулдук берилсин.
2. Көк-Мойнок айыл аймагынын “Боз-Бармак” участкасынан № 232 контурдан христиан көрүстөнүнүн түштүк –чыгыш тарабынан мусулман көрүстөнү үчүн 30,0 га жайыт жер аянтын бөлүп берүү боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Мусулман көрүстөнүнө бөлүнүп бериле турган жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Джодаев А.Б |