Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели № 6
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» № 2 сандуу жарлыгынын негизинде Көк-Мойнок айыл аймагын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында «Kyrgyz Y & Q New Energy Power Construction company» жоопкерчилиги чектелген коомунун жел электр станциясын куруу долбоору жактырылсын.
2. Көк-Мойнок айыл аймагынын Көк-Мойнок-1 айылынын түндүк-чыгыш тарабынан, №881, № 834 контурунан жел электр станциясын куруу үчүн пайдаланууга сунушталган 1500 га жайыт жер аянтынын ичинен 23,62 га жайыт жер аянтын “Башка” жерлер категориясына которуу боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Жел электр станциясын куруу иштерин жүргүзүү үчүн жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Джодаев А.Б |