Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 107
Үч- Терек айылдык кеңешинин төрагасы жана орун басары 2014-жыл ичинде бир катар иштерди жүргүзгөн.
2014-жылы бюджетти бөлүштүрүүдө мектептерге.бала бакчаларга, клубтарга, жолдорго жана башка көйгөйлүү маселерди чечилди. Мындан сырткары жаз алды менен көрктөндүрүү, жашылдандыруу иш чарасы жүргүзүлүп мекемелерге көчөттөр таркатылып берилген. Үч-Терек айылындагы Карды-Жарык каналы 5.5 чакырым, Кок-Жар каналы 3.5 чакырым, Улуу-Арык каналы 4 чакырым, Кошой-Арык каналы 5 чакырым, Жанай-Ата каналы 6 чакырым, Бегет-Арык каналы 4 чакырым жана Сары-Таш каналы 3 чакырым жалпысынан 31 чакырым Эксковатордун жардамы менен тазаланып жолдорго шагыл төшөлүп оңдолду. Кара-Көл шаарына 2008-жылы айыл өкмөтү менен айылдык кенешинин депутаттары тарабынан ижара келишими жок берилип кетекен Кара-Көл, Кормал, Ыспы, Как,Кара-Жыгач, Кайыңды,Бек-Чал жана башка жайыттар кайтарылып алынган. Бүгүнкү күндө аталган жайыттардан 500 000 сомдон ашык акча жайыт комитетинин эсебине өндүрулдү. Мектеп, оорукана, клубдардын, бала-бакча жана башка мекемелерде жасалып жаткан ишетери көйгөйлүү маселелери менен жеринде кыдырып көрүп, таанышып бир топ маселелерди чечүү боюнча сессияларда каралган. Өткөн жылы мыйзамсыз курулуштар боюнча экотехинспекцияга кайрылып тартипке салуу боюнча бир тон аракеттер көрүлгөн. Ошол эле учурда айыл өкмөтүнүн жер адисине жаңы конуштардан жер аянттарын муктаж жарандарга тез арада бердирүү иш чарасын тапшырып чогу араткеттенип бул маселелер чечилди.
2015-жылы Кормцех, Намаздык, Ак-Жар, Бел, Кочкор-Ата, Ак-Дөбө,участкаларынан жер аянттарын берүү чечилгени турат. Суугат суу,таза суу чыгаруу боюнча эң көйгөйлүү маселер болгондуктан жыл этегинде долбоорчулар жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Казимидинов менен бирге Кара-Сууга «Кайнама» чейин барып жеринде көргөзүп макулдашылды. Осмон-Ата суу сактагычынын проектисин бүтүрүп быйылкы жылга атайын эсептен 10 000 000 сом бөлүндү. Сентябрь айында сайт ачылып, токтомдор Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлүп токтомдордуи юридикалык мааниси жөнгө салынды.
Уч-Терек айылдык кенешинин төрагасынын жана орун басарынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз XXIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы Ө.Сулаймановдун жана орун басары М. Чолпонкуловдун жыл ичинде жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Элдин суроо талаптарын өз убагында чечүүлуруктуу комиссиялардын иштешине жана сессиялардын өз убагында өтүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М. Чолпонкуловго тапшырылсын
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |