Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 108
Үч-Терек айылдык Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жена жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жыл ичинде жүргүзгөн иштери.
2014-жыл үчүн түзүлгон иш план боюнча жыл ичинде жогорудагы мекеме уюмдарды жеринде көрүп текшерип, жүргүзгөн иштерине баа берип, муктаждыгына айыл өкмөтүнүн бюджетинен мүмкүнчүлүгүнө жараша акча бөлдүрүп берүүгө жетишишкен,
Мисалы: Үч-Терек айылдык китепканасына бөлүнгөн 37 000 мин сом акча каражатына акыркы үлгүдөгү 4 ядролуу 500 гигалык ноутбук жана З в 1 үлгүсүндөгү ксерокопия алынып келген. Ошондой эле китепкананын ички ремонтуна 12 000 мин сом каражаты каралып, терезелери сырдалып, китеп коючу стелаждары алынып келген. Т.Абдиев атындагы маданият үйүнө 65 000 мин сом бөлүнгөн. Саргата айылдык китепканасына болүнгөн 16 миң сом акча каражатына ремонт иштери жүргүзүлгөн. Айылдык китепканачынын отүнүчү боюнча кошумча бөлүнгөн 5 000 сом акча каражатына офистик эмерек алынып, ар кандай чыгымдарга 1 500 сом акча каражаты берилген. Кызыл-Ураан айылдык китепканасына 15 000 мин сом акча каражаты болүнүп, сырткы жана ички ремонт иштери жүргүзүлгөн Жетиген айылдык китепканасына 12 000 мин сом каражаты бөлүнгөн. Билим берүү тармактары боюнча, мектептерди, бала бакчаларды кыдырып алардын кейгөйлүү маселелерин аткаруу бийлигине жеткирип, алардын аткарылышын көзөмөлгө алып жардам берилген. Атап айтканда №4-Чабалекей балдар бакчасынын коп жылдан бери бүтпөй келе жаткап жайкы ашканасы жана азык гүлүк сактоочу кампасыньп; ремонт иштерине жакындан жардам берилген. Ысык гамак бышыруу үчүн электроплиткалары жок айрым мектептерге электроплитка алынып берилген. Такталык айылындагы Дүйшеев мектеби ушул убакка чейин мөөрү иштеп келет, бул маселе боюнча өкмөткө кайрылып, Т.Ызаков мектептин мөөрүн жасатып берүү милдетин оз колуна алгандыгын билдирди.
Өкмөттөн жардам кутпой демоөрчүлөр менен тыгыз иштешип келген мектептер дагы бap атап айтканда Т. Молдомусаев, Бекназар, Токторалиев жана Нургазиев мектептери демөорчүлөрдүн ири суммадагы акча каражаттарына мектептердин ички жана сырткы ремонт иштерин жасалды.
Спорт жана жаштар саясаты боюнча: даталуу күндөрдө спорттук оюн зоокгор жана маданий иш чаралар өткорүлүп.айыл аймагыбыздын спортчуларына райондук жана областтык деңгээлдеги мелдештерге катышууга окмот тарабынан колдоолор керсотүлгөн.
Үч-Терек айылдык Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жыл ичинде жүргүзгон иштери
Биздин социалдык жактан коргоо комитети төмөнкү мекеме уюмдар менен такай иш жүргүзүп келдик, ошондой эле жардамга өтө муктаж багар-көрөрү жок кары-картаӊ, майыптарга да колдон келген жардамды берип суроо -талаптарын колдон келишинче жардам берип келдик жыл ичинде. Биздин комитете СВА, ФАП. байланыш түйүндөрү, ЗАГС, паспорт стол, военно стол, ошондой эле аксакалдар соту кирет. Биздин социалдык жактан коргоо комитета 2014-жыл үчүн иш планын түзүп, ошол план боюнча жыл ичинде иш жүргүзүп келинген. Жогорудагы мекеме уюмдарды жеринде көрүп жашоочулардан түшкөн арыздарды текшерип, кемчилик кеткен иштерине баа берип, мекеме уюм жетекчилерин сессияга чакырып эскертүү бергенине эекертүү берип эмнеге муктаж жагын да калыс каран, айыл окмотүнүн бюджетинен муктаждыгына карата мүмкүнчүлүгүнө жараша акча болдүрүп берүүгө жетиштик. Мисалы: мекемелер боюнча бюджет жана экономика комитетинин торагасы Э.Маматсаевге сунуш менен кайрылып
Ч. Орозов азык-түлүк сактоо бөлмөсүн ремонттоого 5 мин сом, Саргата айылынын ФАПын ремонттоо үчүн 8 миң сом, Кызыл-Ураан айылынын ФАПын ремонттоо үчүн 10 миң сом, Жетиген айылын ФАПын ремонттоо үчүн 12 миң сом, Такталык айылынын ФАПын ремонттоо 6 миң сом каралган.
Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына сунуш менен кайрылып бюджеттин көтөрүмүнө жараша сессияга коюп мүмкүн болушунча акча бөлдүрүп берилди. Ошондой эле Саргата айылындагы К.Жаманбаева атындагы маданият үйүнө жылытуу системасы жок болгондуктан белүнгөн 40 миң сомдун ичинен 3 микро жылыткыч алып берилди.
Үч-Терек айылдык Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жыл ичинде жүргузгөн иштери.
Биздин туруктуу комиссия 2014-жылга иш планыбызды түзүп,жаңы жобого ылайык бир топ иштерди аткарылды. Атап айтканда 2014-жылы Үч-Терек айылындагы Дыйкандар базарынын тегерегиндеги жана Сары-Таш каналынын эки тарабындагы курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштар боюнча суу чарба башкарыалыгынын улук инженеры А. Абдыкадыровдун арызын теришчирилип, арызда көрсотүлгөн мыйзамсыз куруучулар Ж.Кушубаков менен Б.Ашырованын үстүнөн экотехинсиекция.ГАСК, жер инспекция жетекчилери жана жер адиси К.Абазов менен биргеликте ишти каран мыйзам бузуулар аныкталыл иш тиешелүү органдарга өткорүлүн берилген.Мындан сырткары Саргата айылынын тургуну Сокубашов Барисбек Үч-Терек аймагынын участкалык милициясы А.Турдукуловго бир баш уйу жоголгондугу жөнүндо арыз менен кайрылса карабай койгондугу үчүн кеңешке арыз менен кайрылган. Ошондой эле Үч-Терек айылынын жашоочусу Мурзакулова Розадан көчөлөр тура эмес берилип сарайлар менен кошуна болуп жатабыз деген арыз түшүп,бул арыз боюнча архитектор Ш.Туйтуловго кайрылып масетрской участкасынын ген.планнына езгөртүүлөрдү Киргизии берүү маселесин чечилген.
Үч-Терек айылдык Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш-тышкы эккономикалык байланыш маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жыл ичинде жүргүзгөн иштери.
Биздин туруктуу комиссия 2014-жылга иш планыбызды түзүп.жаңы жобого ылайык бир топ иштерди аткарылды. 2014-жылдын башында смета боюнча жалпы бюджет 14131,2 миллион сомго бекиген болсо, жыл ичинде аткарылганы 17596,6 милл. сом болуп 124.5%ти түзгөн же болбосо 3465.4 миң сомго ашык аткарылган. Техникалардын жардамы менен айылдын экономикасын которүү менен бирге 15 тен ашуун жараныбызды иш менен камсыз кыла алдык мындан сырткары «Чабалекей» бала -бакчасына 250 миң сом “Жылдыз” бала-бакчасына 224 миң сом, маданият үйүнө 65 миң сом,Үч-Терек айылындагы китепканага 75 миң сом,энелер күнүнө карата уюшулган сүмөлөко 5 000 сим. Кызыл-Ураан клубуна 27 000 сом,Саргата клубуиа 52 000 сом,
Нуска ак элечек апалар жамаатына 60 000 сом жана башка бюджеттен каралып берилген. Мындан сырткары бюджетибизди көтөрүү максатында Күрп-Сай, Токтогул ГЭСинен сатуудан түшүүчү айыл чарба багытындагы эмес жер салыктарын талап кылуунун үстүндө аракет болууда.2014-жылы жайыт комитетинин эсебине 500 миң сомдун тегерегинде Кара-Көл жайытынан салыктар өндүрүлгөн.
Үч-терек айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагаларынын 2014-жылга аткарылган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз XXlV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-терек айылдык кеңешинин Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча, Социалдык маселелер боюнча, Мыйзамдуулукту,мукук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология маселелер боюнча, Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы эккономикалык байланыш маселелер боюнча,Агрардык маласелелер боюнча жана Этика боюнча туруктуу комиссияларынын жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2015-жылга түзүлгөн иш пландары бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
3. Тиешелүү мекеме уюмдар менен биргеликте тыгыз иш алый баруу жагы туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүндөгү жайгашкан мекеме уюмдардын аткарган иштери боюнча маселелерди карап, аткарылган иштердин жыйынтыгын комитеттин жыйынында карал, тиешелүү маселелерди сессияга кароого сунуштоо жагы туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |