Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 109
Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 сандуу мыйзамдын 14-беренесинин талаптарына ылайык республиканын аймагында «милициянын аймактык бөлүмчөлөлөрүн» ачуу менен укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча уюштуруу ишерин жүргүзүү үчүн заманга ылайык «милициянын аймактык бөлүмчөсүно жер бөлүп берүү жана курдуруу жөнундо Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча ага аймактык тескөөчү А.Турдукуловдун айылдык кеңешке жазган кайрылуусун мыйзамдуулук боюнча жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыпында карап чыгып томондөгүдой пикирлерин билдиришти:
Үч-Терек айыл аймагында мал уурулук жана уурулук, бейбаштык жана башка кылмыштуулуктарды болтурбоо максатында укук коргооо органдырына «Саада» ЖЧКнын автокассасынын түндүк тарабындагы бош жаткан жерди чектеп бөлүп берип журулушуна жардам берүү талалка ылайык экендиги белгиленди.
Жогоруда айтылган мыйзамдуулук боюнча жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап.талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагына милициянын аймактык, бөлүмчөсүн ачуу колдоого алынсын.
2. Үч-Терек айыл аймагына милициянын аймактык бөлумчөсүн ачууга жер аянтын чектеп берүү жагын жер адиси К.Абазовго тапшырылсын.
3. Бөлүнгөн жер аянтына милициянын аймактык бөлүмчөсүн талапка ылайык курдурууга 2015-жылдын бюджетине киргизип каражатын чечин берүү жагы Үч-Терек айыл аймагынын өкмөтү Р.Сейдалиевге жана башкы эсепчи Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Чолпонкуловго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.iich-terek.kg сайтына жарыяланган күндон тартып мыйзамдуу күчүно кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |