Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 112
Үч-Терек айыл аймагындагы комплекстүү өнүгүүнү камсыздоо жана аймактын көйгөйлүү маселелерин чечүү максаттарында Үч-Терек айыл аймагынын өкмөтүнө сатылып келинген инженердик техникалардын мыйзам чегинде уюшкандыкта иштөөсү үчүн Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын алдында «Үч-Терек инженердик техникалары» аталышындагы муниципалдык ишканасы түзүлеүн жана ишкананын уставы бекитилсин
2. Ишкананын уставын областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жаты Ажыкулов Байышка милдеттендирплсин.
3. «Үч-Терек инженердик техникалары» муниципалдык ишканасынын ээси болуп Уч-Терек айыл аймагы эсептелинсин.
4. «Үч-Терек инженердик техникалары» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине Ажыкулов Байыш жана техникалардын ТПБ инженерлигине Ысабаева Бурул сунушталсып.
5. Ишкананын жеке эсеп-кысабын жүргүзүү үчүн бухгалтер штатын чечүү жагы ишкананын жетекчиси Ажыкулов Байышка тапшырылсын.
6. Ишкананын базасына тиешелүү жер аянтын чектеп берүү жагы архитектор Ш.Туйтуловго жана жер адиси К. Абазовго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Үч-Терек айыл аймагынын өкмөт башчысы Р Сейдалиевге жана ишкананын жетекчиси Б. Ажыкуловго милдеттендирилсин.
8. Ишкананын банктардагы эсептерин ачуу иштери жаңы дайындалган ишкананын жетекинсине милдеттендирилеин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басары М.Чолпонкуловго тапшырылсын.
10. Бул токтом www.ueh-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |