Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы
2018-жылдын 22-майы № 3
Джумашова Айнагүлдүн арызын карап чыгып, Шекер айыл өкмөтүнө караштуу Ак-үй мечитинин күн батыш тарабында жайгашкан тал теректерди убагында Ибрагимов Керимбай аксакал багып өстүргөндүгүн эске алып, Шекер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-үй мечитинин күн чыгыш тарабында жайгашкан тал теректер жана 30 сотых жаңы тигилген алма бак Ибрагимов Керимбай аксакалдын келини Джумашова Айнагүлгө ижарага берилсин.
2. Джумашова Айнагүл менен Шекер айыл өкмөтүнүн ортосунда,бактын аянты такталып беш жылдык мөөнөткө келишим түзүлсүн жана бакты талапка ылайык өстүрүү ижарачыга жүктөлсүн.
3. Джумашова Айнагүлгө жалпы такталган бактын 30пайызы багып өстүргөндүгү үчүн эмгек акысына калтырылсын.
4. Бактын калган 70пайызы Шекер айылына караштуу,эки мечиттин жана артылса айыл өкмөтүнүн керектөөсүнө жаратылсын.
5. Токтомду аткаруу жагы Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы С.Жунусовго жүктөлсүн.
Төрага | К. Иманалиев |