Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы
2018-жылдын 22-майы № 16
Шекер айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Келечек”, “Арча Бешик” балдар бакчасынын тегерегиндеги өсүү мөөнөтү жетип калган коопсуздук абал жараткан 41түп терегин,Шекер айылындагы Ак-үй мечитиндеги 30түп терегин жана Т.Айтматов атындагы орто мектеп- тин күн батыш тарабындагы 9 түп сосналарды кесүү үчүн тиешелүү агенттиктерге кайрылып, маселени чечүү үчүн, Шекер айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Бул маселе эң туура көтөрүлүп жаткандыгы эске алынсын жана мыйзам чегинде теректерди,сосналарды кесүү үчүн тиешелүү жерлерге кат менен кайрылып,азыр кескенге кеч болуп калгандыктан күзүндо кесүүгө аракет жасала берсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К. Иманалиев |