Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясы
2018-жылдын 5-июну № 5
Улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесин Шекер айылында 2018-жылдын октябрь айында белгилөө пландаштырылып жатат, ушул мааракеге карата Аманбаев айыл өкмөтү менен Шекер айыл өкмөтүнүн ортосундагы чекке арка куруу үчүн Шекер айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1. Аманбаев айыл өкмөтү менен Шекер айыл өкмөтүнүн ортосундагы чекке арка курулсун.
2. Арка куруу үчүн 6-Жол тейлөө ишканасынан,Кара-Буура районунун шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан ордун аныктап жана аркага тиешелүү долборлоо иш кагаздарын (АПШ ) алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Иманалиев |