Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2018-жылдын 1-августу № 7
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы үлүш жерлерди күзгү түшүм жыйналып бүткөндөн кийин кайрадан тактоо жүргүзүү үчүн Шекер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы үлүш жерлерине күзгү түшүм жыйналып бүткөндөн кийин кайрадан өлчөнүп тактоо жүргүзүлсүн.
2. Үлүш жерлер такталгандан кийин ашык чыккан үлүш жер аянттары кандайдыр бир себептерден жер үлүшүн албай калган атуулдарга берилсин.
3. Үлүш жерлерди кайрадан өлчөп тактоо жүргүзүү үчүн райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан адистер чакыртылсын жана комиссия мүчөлөрүнө аксакалдар кеңешинен, жаштардан, депутаттардан киргизилсин.
4. Арчагул айылынын астынан 150 га сугат жер кайракы жер аянты болуп катталып калгандыктан, ошол жерлерди дыйкандар менен сүйлөшүү жолун таап,сугат жер аянтына которуу жагы каралсын.
5. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Иманалиев |