Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2018-жылдын 1-августу № 8
Шекер айыл өкмөтүндөгү жер маселелер боюнча башкы кызмат орду бош вакант болгонуна эки жылдын жүзү болуп бара жатат,жер маселеси боюнча айыл аймагында көп орчундуу маселелер туруктуу адис болбогондуктан чечилбей келет, ошондуктан келишимдин негизинде убактылуу жер маселелери боюнча адис алуу үчүн Шекер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы кызмат ордуна келишимдин негизинде кызматкер алынсын, эмгек маянасы жергиликтүү бюджеттен 7000(жети миң) сом деп белгиленсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Иманалиев |