Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2018-жылдын 1-августу № 13
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Шекер жана Арчагул айылдарынын тургундарынан катышуучулар көп болуп жаткандыгына байланыштуу Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-мартындагы кезектеги № 19-сессиясынын № 1-Токтому менен бекитилген жергиликтүү бюджеттеги 20,0м.с. акча каражаты жана жергиликтүү бюджеттин ар кандай чыгым бөлүмүнөн 55,0 м.с.акча каражаты III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Шекер жана Арчагул айылдарынын тургундарынын барып келүүсү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз жоопкерчилигиме калтырамын.
Төрага | К. Иманалиев |