Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 113
Үч-Терек айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин торагасы Ж.Сатыбаевдин сунушун Үч-Терек айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы комитетте талкуулашты.
Жайыт жерлери башка максаттарга пайдалануу учүн акынын олчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен бекитилген. Ошондуктан жайыт жерлерин башка максаттарга ижарага берүүнү колдоого алуу зарыл деп белгиленди.Анткени жайыт комитетинин эсебине жана айыл өкмөтүнүн бюджетине бир топ каражат киреше кирээри айтылып Айылдык кеңештин кезексиз XXlV-сессиясына сунуш кылынган. Жогорудагыларды белгилеп жана талкуулап Уч-Терек айылдык кенешинин XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы иштин түрү мал жаюу менен байланышпаган жер кыртышын бузууга алып келбеген жайыт жерлерин келишимдик негизде ижарага берүүгө жайыт комитетине макулдук берилсин.
2. Үч-Терек айыл аймагындагы иштин түрү мал жаюу менен байланышпаган жер кыртышын бузууга алып келбеген жайыт жерлеринин ижара акысын Үч-Терек айылдык кеңешинин сессиясында бекитилген наркта берилүүсү камсыздалсын.
3. Бул токтомду аткарууга ачуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевге милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн орун басары Ж.Казимидиповго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uсh-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |