Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 114
Үч-Терек жайыт комитетинин сунушун Агрардык комиссия жыйында карай төмөндөгүдөй пикирлер айтылды:
Жайыт комитетинин мингич аттары болушу шарт жана это зарыл.
Маселе: Себеби жайыт пайдалануучуларды кыдырык тескөөдө салык чогултууда жөө жалаң кыйынчылыктарды жаратат. Айрыкча Кара-Көл шаарынын аймагындагы бизге караштуу жайыттарды кыдырууда салык чогултууда туйшүктөр көп жаралат. Ошол себептен сөзсүз мингич aт алуусуна макулдук беришибиз керек деген комитеттин чечимин Үч-Терек айылдык кенешинин кезексиз XXIV-сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагында жайыттарды кыдыруу жана көзөмөлдөөгө бир мингич ат сатып алууга 70 000 (жетимиш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы жайыт комитетинин бухгалтери Жаныбаев Борончуга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Чолпонкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн таргып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |