Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 115
Үч-Терек айылдык кенешинин Бюджет боюнча туруктуу комиссия, Билим берүү жана жаштар саясаты, маданият, дин иштери боюнча туруктуу комиссияларынын комитетте жыйыны болуп, Үч-Терек АДКнын төрайымы Г.Боромбаеванын 25.01.2015-жылы жазган кайрылуусун карап талкуулашты: Кайрылуудагы көрсөтүлгөн айыл жерлериндеги элдин ден-соолугуна камкордук көрүү максатындагы бул долбоордон 800 000 мин сом акча каражаты каралып жатканын бул каражаттын 10% пайызын жергиликтүү калктын жардамы менен же болбосо жергиликтүү бюджеттен 100 000 сомдун тегерегинде акча каражатын чечип берүү зарыл экени айтылды. Бул бөлүнгөн акча каржаты менен Үч-Терек айылындагы ден-соолук жаатындагы көйгөй болуп жаткан М. Нургазиев орто мектебинин 1-4 класска чейинки окуучулардын тамак-ашын санитардык эрежелерге ылайык таза жана сапаттуу берилишин камсыз кылуу максатында мектептин ашканасынын капиталдык ондоп-түздөө (ремонт) иштерин жана зарыл эмерек, буюмдар менен камсыз кылуу кечиктирилгис маселе экенин билим берүү, жаштар саясаты туруктуу комиссиясы менен АДКнын төрайымы Г. Боромбаева биргеликте аныктап келишкен. Андыктан биздин келечегибиз болгон жаш окуучуларыбызга камкордук көрүү максатында ысык тамак-аш берүүгө шарты жок, эскилиги жетип, оор акыбалда турган мектеп ашканасын капиталдык оңдон-түздөө менен бирге зарыл эмерек, буюмдар менен камсыз кылуу зарыл маселе экенин белгилеп Үч-Терек айылдык кенешинин кезексиз XXIV-сессиясына сунуш кылат.
Жогорудагы Бюджет боюнча туруктуу комиссия, Билим берүү жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXIV-сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылдык ден-соолук комитетинин ДКЖА долбооруна кирүү үчүн айыл өкмөтүнөн үлүштүк катышуусу үчүн 100 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Болүнгөн акча каражатын өз убагында, тиешелүү багытында жергиликтүү бюджеттен которуп берүү жагы башкы эсепчи Ш. Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
3. Ден-соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери долбоорунан (ДКЖА) жала жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары М.Нургазиев орто мектебинин ашканасынын капиталдык оӊдоп-түздөөсүн (ремонтун) бүткөрүүгө жана зарыл эмерек, буюмдарды сатып алууга жумшалары эске алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Чолпонкуловго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |