ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 14-августу № 161/24-4
Токмок шаарынын 3-кичирайонунун сугат тармактарын оңдоо долбооруна макулдук берүү жөнүндө
2018-жылдын 20-июлундагы №1856/1-4 Токмок шаарынын мэриясынын катын жана “Токмок шаарынын 3-кичи районунун сугат тармактарын оңдоо” долбоорун ишке ашыртуу максатында, өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын 3-кичирайонунун сугат тармактарын оңдоо” долбоорун Чүй областынын өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашырылууга макулдук берилсин.
2. Демилгелүү топтун курамына төмөнкүлөр бекитилсин:
Батырбек уулу А. – Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
Туратбек уулу А. – Токмок шаарынын мэриясынын башкы адиси;
Иманалиев Ж.Ж. – Токмок ш. ММБ техникалык көзөмөлчүсү;
Осмоналиева Б.А. – “Чуй Дан” ТЖМЭШ төрайымы;
Чечейбаев Ж.Т. – Токмок ш. 3-кичи, 30-үй, 43- б. тургуну;
Абдыбалиев А.А. - Токмок ш. 3-кичи, 50- үй, 2- б. тургуну;
Муталипова Ч.Ж. - Токмок ш. 3-кичи, 66- үй, 15- б. тургуну.
3. Мониторинг топтун курамына төмөнкүлөр бекитилсин:
Батырбек уулу А. – Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
Малабаева Ф.А. – Токмок ш. мэриясынын МЭР бөлүмүнүн башчысы;
Иманалиев Ж.Ж. – Токмок ш. ММБ техникалык көзөмөлчүсү;
Касымалиев К.К. – “Айнек Жол” ТЖМЭШ төрагасы;
Нуралиева К.Д. – Токмок ш. 3-кичи, 26- үй, 56- б. тургуну;
Эсеналиева А.И. - Токмок ш. 3-кичи, 14- үй, 14- б. тургуну;
Кусанов С.А. – Токмок ш. 3-кичи, 26- үй, 76- б. тургуну;
4. Мониторинг жана демилгелүү топтор, Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен иш алып барышсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |