Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 162/24-4
2018-жылдын 17-июлундагы №1125/1-4 жана 24-июлундагы №189/1-4 Токмок шаарынын мэри Д.Дж. Амангельдиевдин катынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдорунун негизинде, Бюджет кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү шаардын бюджетине келип түшкөн 8000,0 миң сом максаттуу трасфертти “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасына Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу “Коммуналдык кызматтар” 2231 беренесине субсидия боюнча карыздарды жабууга (тарифтер боюнча айырмасынын чыгымдарын жабууга) калкка жылуулук энергиясын берген үчүн, багыттоого макулдук берилсин.
2. 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгүнө, бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууларынын эсебинен:
- Чуй-Токмок билим берүү бөлүмү боюнча 4-кварталынан 3-кварталына 2231 “Коммуналдык кызматтар” беренеси боюнча 5486,5 миң сом суммасы жана Токмок шаарынын мэриясы боюнча 3112 “Машиналар жана жабдуулар” беренеси боюнча 98,8 миң сом;
- Токмок ш.мэриясы боюнча 2215 “Башка мүлктөрдү жана кызматтарды сатып алуу” беренесинен “Менин шаарым Токмок- Мой город Токмок” редакциясынын 2215 “Башка мүлктөрдү жана кызматтарды сатып алуу” беренесине 60,0 миң сом;
- Токмок шаардык кеңеши боюнча 2215 “Башка мүлктөрдү жана кызматтарды сатып алуу” беренесинен “Менин шаарым Токмок- Мой город Токмок” редакциясынын 2215 “Башка мүлктөрдү жана кызматтарды сатып алуу” беренесине 36,0 миң сом;
- Социалдык өнүгүү башкармалыгы боюнча – 2214 “Транспорттук кызматтар” -беренесинен 2213“Транспорт каражаттарынын ижарасы” беренесине 23,0 миң сом;
- Борборлоштурулган китепкана системасы боюнча – 2215 “Башка мүлктөрдү жана кызматтарды сатып алуу” беренесинен 39,0 миң сом суммасын 2211 “Кызмат сапарлардын чыгымдары” беренесине 20,0 миң сом жана 3112 “Машиналар жана жабдуулар” беренесине 19,0 миң сом;
- Маданият үйү боюнча – 2215 “Башка мүлктөрдү жана кызматтарды сатып алуу” беренесинен 110,0 миң сом суммасын, 2223 “Сатып алуу, тигүү жана атайын кийим-кече буюмдарды оңдоо” беренесине 80,0 миң сом жана 3112 “Машиналар жана жабдуулар” –беренесине 30,0миң сом;
- Токмок шаарынын мэриясы боюнча 2215 “Башка мүлктөрдү жана кызматтарды сатып алуу” беренесинен 91,6 миң сом Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгына 2215 “Башка мүлктөрдү жана кызматтарды сатып алуу” беренесине 22,1 миң сом жана 2221 “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” беренесине 69,5 миң сом өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасынын директору (Шамил уулу Тамерлан) бөлүнгөн каражаттар “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына жаратылыш газдын кредитордук карызын төлөп берүү үчүн которулсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |