Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 163/24-4
Токмок ш. тургуну Н.О Рахматованын жер тилкесинин с зоналдык категориясын которуу, “Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиянын протоколун карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча комуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок ш. Токмок № 58Е көчөсүндө жайгашкан Н.О. Рахматованын жеке менчигиндеги 450,0 ч.м. жер тилкесин П-1 зонасынан (өнөр жай ишканалар) Ж-2 (аралаш турак жайды өнүктүрүү) турак үйдү куруу үчүн которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча комуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |