Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 164/24-4
2018-жылдын 26-июнундагы “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясынын чечимин карап жана талкуулап чыгып “Токмок шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө” Жобону, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Ардактуу жараны наамы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
- Лоджаров Оли Дауровичке;
- Айтышов Канатбек Айтышовичке.
2. Токмок шаарынын Ардактуу жарандарына күбөлүк, төш белги жана бир жолу 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык даярдалсын жана берилсин.
3. Токмок шаарынын Ардактуу жарандарынын ысымдары Токмок шаарынын Даңк китебине киргизилсин, “Токмок шаарынын Ардактуу жарандары” шаардык тактасына сүрөтү жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |