Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-октябры № 167/25-4
Токмок шаардык мэриясынын Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын муниципалдык мʏлкʏн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүүнʏн тартибин аныктоо жɵнʏндɵ кайрылуусунун негизинде, «Жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу жɵнʏндɵ», «Жергиликтʏʏ кенештердин депутаттарынын статусу жɵнʏндɵ» жана «Мʏлккɵ муниципалдык менчик жɵнʏндɵ» мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын муниципалдык мʏлкʏн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансына акысыз негизде ɵткɵрʏлʏп берилсин.
2. Токмок шаардык мэриясы Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансына акысыз негизде ɵткɵрʏп берүү процедураларын белгиленген тартипте жʏргʏзсʏн.
3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жʏктɵлɵт.
Төрага | Т.А. Солтобаев |