Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-июну № 60/13/27
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин футбол талаасынын курулушуна акча каражатын бөлүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтү Я.Я.Ваккер атындагы ОМнин аймагына футбол талаасынын курулушуна 2 000 000 (эки миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комисиясынын төрагасы А.И.Сейталиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |