Редакцияот 19.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 19-июну № 61/13/27

«Василек» бала бакчасын Люксембург айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө»

 

Ысык-Ата райондук Прокуратурасынын 11.06.2018-ж. № 11-06-191-Люксембург а. Строительная көч. номери жок үйдө жайгашкан “Василек” бала бакчасын Люксембург айыл өкмөтүнүн балансына алуу, КРнын “Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык муниципалдык менчик укугун каттоо жөнүндө мыйзам бузуудагы кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүсүн угуп жана талкуулап

Люксембург айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Люксембург а. Строительная көч. номери жок үйдө жайгашкан “Василек” бала бакчасын Люксембург айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.

2. Люксембург айыл өкмөтү зарыл болгон иштерди, бала бакчанын имаратынын техникалык паспортун даярдап, ээси жок кыймылсыз мүлк катары КРнын Жарандык Кодексинин 3-б. 257-бер. ылайык каттого коюлсун. Ээси жок кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо органы тарабынан каттоого коюлгандан кийин үч жылдын ичинде Люксембург айыл өкмөтү Люксембург а. Строительная көч. номери жок үйдө жайгашкан “Василек” бала бакчасын Люксембург айыл өкмөтүнүн балансында деп таануу үчүн сотко кайрылуусу зарыл.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Кожонов