Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-августу № 66/15/27
Люксембург айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча башкы адиси А.Молдокматованын Люксембург айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесине ылайык
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Такталган документтеринин тиркемеси бар, арыз менен кайрылган төмөнкүдөй категориялардагы жарандарга бекитилген тариф менен материалдык жардам берилсин:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына – 3000 сом;
-Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлерине – 3000 сом;
- оруктагы эмгекчилерге – 3000 сом;
- башка мамлекеттердин аймагында согушка катышкан аскер кызматчыларына – 2000 сом;
- Чернобыль атомдук станциядагы кыйроонун катышуучуларына жана жабыр тарткандарга – 2000 сом;
- көрүүсү жана угуусу боюнча майыптарга – 2000 сом;
- 18 жашка чейинки курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө – 2000 сом;
- жашы жете элек балдары бар Баатыр энелерге – 2000 сом;
- I жана II топтогу майыптарга – 2000 сом;
- 18 жашка чейинки жетим балдардын ата-энесине жана камкорчусуна – 2000 сом;
- социалдык паспорту бар жарды үй-бүлөлөргө – 2000 сом.
2. 2000 (эки миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты төмөндөгү жарандарга көмүр сатып алууга материалдык жардам көрсөтүү үчүн бекитилсин:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына;
-Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын жана майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлерине;
- оруктагы эмгекчилерге;
- башка мамлекеттердин аймагында согушка катышкан аскер кызматчыларына;
- Чернобыль атомдук станциядагы кыйроонун катышуучуларына жана жабыр тарткандарга;
- көрүүсү жана угуусу боюнча майыптарга;
- 18 жашка чейинки курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө;
- жашы жете элек балдары бар баатыр энелерге;
- I жана II топтогу майыптарга;
- 18 жашка чейинки жетим балдардын ата-энесине жана камкорчусуна;
- социалдык паспорту бар жарды үй-бүлөлөргө.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, мыйзамдуулук жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Адамалыевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |