КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2018-жылдын 7-майы № 47
Терек-Суу айылынын тургуну Жумаказиев Чыңгыз Нургазиевичке көрктөндүрүү үчүн берилген жеринин профилин соода сатык жүргүзүү үчүн курулуш объектилерин куруу жөнүндө деп өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы боюнча
Терек-Суу айылынын тургуну Жумаказиев Чыңгыз Нургазиевичке 2016-жылдын 10-октябрындагы № 9319 номери менен сатып алуу келишиминин негизинде каттоодон өткөн 750 метр квадрат жеринин профилин өзгөртүү боюнча арызын карап Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумаказиев Чыңгыз Нургазиевичтин арызы боюнча 2016-жылдын 10-октябрындагы № 9319 номери менен сатып алуу келишиминин негизинде мурда көрктөндүрүү үчүн берилген , каттоодон өткөн 750 метр квадрат жерин соода сатык жүргүзүү үчүн курулуш объектилерин куруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын топтоп айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамына тапшыруу жер адис Т.Жөлөковго милдеттендирилсин.
2. Бул маселени чечүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамы мыйзамдуу түрдө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 статьясынын 1.2.3 пункттарына жана 13 главасынын 77 статьясынын 1.2.3.4.5 пункттарына таянып, карап чыгып агрардык туруктуу комиссиясынын отурумуна сунушташсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |