Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-майы № 48
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштурүү фондусуна караштуу айыл чарба жерлеринен топтолуучу акча каражаттарын көбөйтүү максатында жана жерлерди пайдаланууда кээ бир жерлерден алынуучу ижара акынын төмөн жана кээ бир жерлерден алынуучу ижара акынын көлөмү өтө жогору болуп жаткандыгы боюнча айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлери боюнча адиси Мурзабековдун билдирүүсү талкууланып,Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин депутаттарынын айыл чарбасы боюнча комитетинин отурумунда каралгандыгы эске алынып Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айылөкмөтүнүн айыл чарба жерлери боюнча адиси Р.Мурзабековдун билдирүүсү эске алынсын жана 2018-жылга карата сунушталган баалары бекитилсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүүдө көп жылдын бери пайдаланып жана ижара акыларын толук жана өз убагында төлөп келген ижарачылардын кызыкчылыктары толук сакталсын.Ижарага жер алып пайдалануучулардын суу,токой жана башка жаратылыш объектилерин пайдалануу боюнча укуктары толук сакталсын.
3. Ижарага алган жер участогун кайтарууда жердин кыртыштуулугун, асылдуулугун, алгачкы калыбына кайтарып алуу боюнча иш чараларды жүргүзүү жагы айыл чарба иштери боюнча жер адисине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы И.Чороевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |