Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-майы № 49
Кетмен – Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018 – жылдын үч айында аткарган иштерин кароо жана жайыт акынын түшүүсү боюнча жайыт комитетинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен – Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесине 2018 – жылдын үч айында аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2018 – жылдын алты ай ичинде топтолгон киреше бөлүгү 60000 сомго аткарылган. Сметада бекитилген 440600 сомдун калган бөлүгүн топтоо жагы жайыт комитетинин төрагасы У. Өмүрбаевге милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитетинин жоопкерчилигине өткөрүлүп берилген кой жуутту айылдык кенештин сессиясында кабыл алынган бааларга ылайык иш алып баруу жагы Таштанкулов Турусбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин айыл чарба жана өнөр жай курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом www. ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Б. Көксариев |