Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-майы № 50
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын таза суу менен калкты камсыз кылуудагы, таштандыларды чыгарып тазалоодогу жаралып жаткан көйгөйлүү маселелери боюнча ишкананын бухгалтер-кассири Ж.Дүйшенованын билдирүү маалыматтарын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын таза суу менен калкты камсыз кылууда ,таштандыларды чыгарып тазалоодо жаралып жаткан көйгөйлүү маселелери боюнча ишкананын бухгалтер-кассири Ж.Дүйшенованын билдирүүсү эске алынсын.
2. “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын таза суу менен калкты камсыз кылууга таштандыларды чыгарып тазалоого жыйналуучу төлөмдөрдүн чогулбай жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана калкты тейлөөдө айыл өкмөтү тарабынан жардамдар жакындан көрсөтүлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына калтырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Б. Көксариев |