Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-майы № 51
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу № 1 жана № 2 носостук станцияларынын иштери боюнча Мырзабеков Токтогон билдирүү жасады.Нааразычылык билдирген дыйкандардын суроо-талабы менен Токтогул райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Т.Карасартов адистери менен келип катышты жана элдин суроо талабын угуп, көйгөйлүү маселелер боюнча суроо- жооп иретинде талкууланып кетирилген кемчиликтер эске алынып Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу № 1 жана № 2 носостук станцияларында иштеген адистерге жана жумушчуларга ар бир дыйкандын өзүнүн графигинде сууну үзгүлтүксүз берүүсү талап кылынсын.
2. Дыйкандар менен иштетип жаткан жерине ылайык келишимдер түзүлүп сугат иштери өз учурунда мыйзамдуу иш кагаздары менен толукталып жүргүзүлсүн.
3. Суу чарба кызматкерлеринин айдоо аянттарында өстүрүлгөн өсүмдүктөр менен дыйкандардын айдоо аянттарындагы өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн жашыл жана куураган болуп өзгөчөлөнүп туруусуна жол бербөө жагы Токтогул райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Т.Карасартовго тапшырылсын.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Б. Көксариев |