Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-майы № 52
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу № 12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектебинин жылытуу системасынын ишке берилгендигине кырк жылдан ашуун убакыт өтүп,азыркы учурда капиталдык ремонт жүргузүүнү талап кылуу керектиги ,кыш мезгилинде суук болуп окуучулардын билим алуусуна негизги шарттын жок болуп жаткандыгы боюнча толук маалыматтын бар экендиги талкууланып жана мектеп жетекчилигинин Өтүнүч каты эске алынып Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу № 12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектебинин жылытуу системасына капиталдык ремонт жүргүзүү жөнүндөгү маалымат аткарууга алынсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу № 12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектебинин жылытуу системасына капиталдык ремонт жүргүзүү боюнча акча каражатын карап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика башчысы Карымшакова Гулмира Казаковнага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет комиссиясына калтырылсын.
6. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О. Көксариев |