Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-майы № 53
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Терек жана Барчын участкаларында жашап жаткан адамдарга берилген жерлердин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча жер адистердин,айыл башчылардын,депутаттардын сунуштарын,ой-пикирлерин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Терек жана Барчын участкаларында жашап жаткан адамдарга берилген жерлердин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иш кагаздарын тактоо жер адистер Мурзабековго жана Жолоковго тапшырылсын.
2. Терек жана Барчын участкаларында жашап жаткан адамдарга берилген жерлердин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иш кагаздары тергөө иштерине өткөрүлүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чороевге тапшырылсын.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О. Көксариев |