Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-августу № 54
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 айлык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнун башчысы Г.Карымшакованын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 айлык бюджетинин жалпы киреше бөлүгү (атайын каражатты кошкондо) 83116,6 миң сомго бекитилсин.
2.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 айлык бюджетинин жалпы чыгашы бөлүгү (атайын каражатты кошкондо) 7185,0 миң сомго бекитилсин.
3.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтундөгү Чоң-Арык айылынын Мүкөш көчөсүнө жарыктандыруу үчүн 950,0 миң сом,АРИС программасы тарабынан МТЗ -80 тракторуна өздүк салым 420,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен жумшалсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы ФЭБ башчысы Карымшаковага милдеттендирилсин.
5.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |