Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-августу № 55
Кетмен – Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018 – жылдын алты айында аткарган иштерин кароо жана жайыт акынын түшүүсү боюнча жайыт комитетинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен – Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесине 2018 – жылдын алты айында аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2018 – жылдын алты ай ичинде топтолгон киреше бөлүгү 130700 сомго аткарылган. Сметада бекитилген 440600 сомдун калган бөлүгүн топтоо жагы жайыт комитетинин төрагасы У. Өмүрбаевге милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитетине келген пресс подборщик убактылуу ижаралык келишимдин негизинде Мыкышов Рүстөмгө берилсин.
4. Ай сайын ижара акысын өндүрүп, жайыт комитетинин эсеп счётуна төгүп туруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У. Өмүрбаевге милдеттендирилсин.
5. Жайыт комитетинин жоопкерчилигине өткөрүлүп берилген фронталдык погрузчик айылдык кенеште кабыл алынган бааларга ылайык иш алып баруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У. Өмүрбаевге тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин айыл чарба жана өнөр жай курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Бул токтом www. ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Б. Көксариев |