Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-сентябры № 59
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2018-жылдын октябрь айында аяктайт. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына таянып Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу №2229 Терек-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү 17(он жети) жана №2230 Чоң-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү 16 (он алты) протокол бекитилсин.
2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн №2229 Терек-Суу жана №2230 Чон-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин протоколдору сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жооптуу катчы Эсенбековага ташырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |