Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-сентябры № 60
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) материалдарын карап чыгып Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) жыйынтык материалдары бекитилсин.
2. Айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо материалдарын мындан ары калктуу конуштардын генералдык пландарын түзүүдө жана калктуу конуштардын чек араларына тиешелүү маселелерде колдонууну уюштуруу жер адисине жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Б. Көксариев |