Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-сентябры № 61
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) материалдарын карап чыгып Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) жыйынтык материалдары бекитилсин.
2. Токтогул райондук мамлекеттик админстрациясынын 2018 жылдын 26-июль № 174 буйругу менен түзүлгөн райондук комиссиягаКетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, бекитүү үчүн райондук мамлекеттик админстрациясына киргизүү суралсын.
3. Райондук мамлекеттик администрациясынан Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жыйынтыктарын бекитип берүү суралсын.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Б. Көксариев |