Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры № 62
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айлык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнун башчысы Г. Карымшакованын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айлына бюджеттин жалпы киреше бөлүгү (атайын каражатты кошкондо) 12382,0 миң сомго бекитилсин.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айлына бюджеттин жалпы чыгаша бөлүгү (атайын каражатты кошкондо) 10791,8 миң сомго бекитилсин.
3. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү бюджеттен 700,0 миң сом,АРИС программасы тарабынан келе турган ХОБА автоунаасынын өздүк салымына аппараттын 2221-статъясынан 381,3 миң сом жылдырылсын.
4. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитети АРИС программасы тарабынан келе турган ХОБА автоунаасынын өздүк салымына 200 миң сом акча каражаты жумшалсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы жана экономика бөлүмүнун башчысы Г.Карымшаковага ташырылсын.
6. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |