Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры № 65
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Б.Сманов атындагы айылдык клубунун аткарган иштери боюнча клубдун жетекчиси Сманов Төрөгазы Бабановичтин маалымат билдирүүсүн угуп жана талкуулап,айылдык Кеңештин депутаттарынын сын пикирлерин жана сунуштарын эске алып Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сын пикирлер эске алынсын.
2. Клубга тиешелүү жер аянты жана чек арасы такташтырылып, ажааткана курууга айыл өкмөтүнөн каралып берилген 17,800 сом акча каражатын пайдалануу менен ажааткананы куруу жана клубга тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү Т.Смановго милдеттендирилсин.
3. Ар бир жума күндөрү клубдун айланасында отуруп соода-сатык кылган жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,клубдун айланасынын тазалыгы боюнча иш алып баруу айылдык клубдун эмгек жамаатына милдеттендирилсин.
4. Бекитилген иш планы боюнча айылдын маданиятын көтөрүү жана калктын эс алуусун, майрам күндөрдүн жогорку чеберчиликтеги уюштуруучулук менен өтүүсүн камсыз кылуу жана өздүк көркөм чыгармачылык топторун түзүү, кружокторду уюштуруу клубдун көркөм жетечиси Т.Ороковага жана клубдун жетекчиси Т.Смановго милдеттендмрилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы тиешелүү туруктуу комиссияга ташырылсын.
6. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |