Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры № 66
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №10 “Кызгалдак” бала бакчасынын жетекчиси Джуматаева Базарбу Топчубаевнанын бала бакчанын кышка даярдыгы жана аткарып жаткан иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуш пикирлери эске алынсын.
2. Бала бакчанын ичине киргизилип жаткан таза суунун толук кандуу жана сапаттуу бүткөрүлүшүн 2018-жылдын октябрь-ноябрь айында бүткөрүү жетекчиси ДЖуматаевага милдеттендирилсин.
3. Бала бакчага электр энергиясына бөлүнгөн кыш мезгили үчүн лимити 161,3 кв. сарамжалдуу сактоо менен жылытуу системасын иштетүүгө толук кандуу даярдыгын текшерүүдөн өткөрүү айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Батыркановга жана бала бакчанын жетекчиси ДЖуматаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы И.Чороевге ташырылсын.
5. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |