Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры № 68
Чон-Арык айылынын жашоочуларынын 2018-жылдын 10-августундагы Чон-Арык айылынын тургуну,Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Канаев Жедигердин ысымын Чон-Арык айылында жайгашкан ат койулбаган көчөгө ыйгаруу жөнүндөгү токтомун бекитүү жөнүндө Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Арык айылынын жашоочуларынын 2018-жылдын 10-августундагы Чон-Арык айылынын тургуну,Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Канаев Жедигердин ысымын Чон-Арык айылында жайгашкан ат койулбаган көчөгө ыйгаруу жөнүндөгү токтому колдоого алынсын жана бекитилсин.
2. Бул көчөнүн жашылдандыруу,көрктөндүрүү ,жарыктандыруу ж.б. иштерин өз учурунда колго алуу жана ушул көчөдө жашаган жакыр үй бүлөлөрү үчүн “Темир мал” фондусуна 5 (беш) эчки 2018-жылдын күз айларында алып берүү иштери Канаев Жедигердин үй бүлөсүнө жана бир туугандарына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Чон-Арык айылынын айыл башчысы Атабеков Нурланга тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |