Загрузка документа…
САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели № 1
Санташ айылдык кенешинин күн тартибинде каралган ар кандай маселелер боюнча угуп жана талкуулап, Санташ айылдык Кенешинин 27-чакырылышынын 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Санташ айыл өкмөтүндө дээрлик көпчүлүк калк кыргыз улутунун жарандары болгондугуна байланыштуу кабыл алынган токтомдор мамлекеттик (кыргыз) тилде гана жарыялансын;
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Санташ айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин укук коргоо жана административдик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Н. Балтабаев |