Загрузка документа…
САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели № 3
Санташ айылдык кенешинин күн тартибинде каралган үчүнчү маселе боюнча угуп жана талкуулап, Санташ айылдык Кеңешинин 27- чакырылышынын 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы жер айдап себүү учурунда жеке менчик айыл чарба техникаларын элге кызмат көрсөтүү акылары төмөндөгүдөй тарифтик нормалары сакталсын.
1) Жер айдоо 1-гектарга ДТ-75 тракторуна - 25 литр солярка баасы- 800-сом.
2) Т-150 гө -30, МТЗ-80 - 25 литр солярка, баасы -800 сом.
3) Тырмоо боюнча 1гектарга- 10 литр солярка, 150 сом,
4) Себүү 1гектарга 10 литр солярка 350 сом.
2. Кабыл алынган тарифтик нормалар жеке менчик техникалардын ээлерине маалымдалсын жана милдеттүү деп эсептелсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык менчик боюнча адисине жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айылдык Кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Н. Балтабаев |