Загрузка документа…
САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели № 4
Санташ айылдык кенешинин күн тартибкпде каралган төртүнчу маселс боюнча угуп жана талкуулап, Санташ айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малчылардын жайкы жайыттарга көчүү мөөнөтү 10-майга чейинки ал эми көчүп келүү 1-октябрга чейин белгиленсин.
2. Жайкы жайыттарда багуу акысы бодо мал бир айга 250 сом, кой эчки бир айда 50 сомдон (жайыт акысы ичинде) белгиленсин.
3. Айыл аймагынан сырткары көчүп келген малчыларга жайыт үчүн белгиленген баадан эки эсе акы белгиленсин.
4. Кабыл алынган баалар жайлоого көчө турган малчыларга маалымдапсын жана милдетүү деп эсептелсин.
5. Жайкы убакта айыл ичинде жайлоого жана бадага кошпогон субай малдар үчүн биринчи күнгө эскертүү берилсин, андан кийин 1 баш бодо малга 500 сом, кой, эчкиге 75 сом өлчөмүндө милдеттүү түрдө айып пул салынсын.
6. Жайлоого чыккан малдын так учетун алуу жайыт комитетине милдеттендирилсин жана каттатпай калган малдарга эки эсе штраф төлөнсүн.
7. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча адисине жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
8. Токтомдун көчүрмөлөрү жайлоого көчө турган ар бир малчыга берилсин.
9. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айылдык Кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Н. Балтабаев |