Загрузка документа…
САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели № 5
Санташ айылдык кенешинин күн тартибинде каралган бешинчи маселеси боюнча угуп жана талкуулап, Санташ айылдык Кеңешинин 27- чакырылышынын 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайкы мезгилде айдоо жерлериндеги эгин талааларына жана чөп чабыш аянттарына кароосуз малдардын кирип оттоп жана тебелеп келтирген зыяндар үчүн мал ээлерине:
Биринчи ирет - бодо мал жана жылкы үчүн 1 башка 500 сом өлчөмүндө, майда жандык кой эчки 1 башка 100 сомдон айып пул толоо милдеттендирилсин.
Экинчи ирет - бодо мал жана жылкы үчүн 1000 сом майда жандык учун 200 сом.Эгерде канаттуулар кирсе, койдун баасы менен коюлсун.
Үчүнчү ирет - кайталанса бодо мал жана жылкы үчүн 2000 сом, майда малдар үчүн 300 сом өлчөмүндө айып пул төлөө милдеттендирилсин.
2. Эгерде коюлган айыптарды мал ээлери төлөөдөн баш тартса, айып пул жер ээлеринин арыздарынын негизинде аксакалдар сотунун чечилиши менен ишке ашырылсын жана ар бир мал ээлерине кабыл алынган токтомдор берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысына жер жана коммуналдык менчик боюнча адисине жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айылдык Кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча жана укуктук админстративдик жана туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Н. Балтабаев |