Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 27-15/1
Кичи-Өрөн шаарынын мэри Мустафа Актын, 2017-жылдын 28-апрелиндеги, №01-7/216 катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, эки боордош элдердин ортосундагы экономикалык, социалдык жана маданий байланыштарын бекемдөө максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 24-мартындагы № 27-14/6 "Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2017-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндөгү" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
-№ 1 тиркеменин биринчи номеринде көрсөтүлгөн, ӨКМнын жумуштарын жүргүзүү үчүн каралган, 150 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарды, Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын расмий делегациясынын жана чыгармачылык топтун, Түрк Республикасында Рамазан айына арналган, жыл сайын өтө турган, 8–фестивалына катышуусу үчүн, Каракол шаарынын мэриясына бөлүп берсин.
2. Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2017-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен- 61 000 сомду Каракол шаарынын расмий делегациясынын жана чыгармачылык топтун, Түрк Республикасында Рамазан айына арналган, жыл сайын өтө турган, 8–фестивалына катышуусу үчүн, Каракол шаарынын мэриясына бөлүп берсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |