Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 27-15/3
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 23-январындагы, кир.№01-7/32, П-1 өндүрүштүк зонасынын бөлүгүн, башка зонага которуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2016-жылдын 28-декабрындагынын сунушун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын ХV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. П-1 (өндүрүштүк ишканалар зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине, Каракол шаарынын, Сыдыкбеков атн.көчөсү, №2а дарегиндеги жер тилкесин, С-1 зонасына (саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, дене тарбия жана чоң жер тилкелери менен спорт объектилери), "Тумар-Баластан" жеке менчик бала-бакча үчүн өзгөртүү киргизилсин.
2. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана жерди пайдалануу Эрежелерине көрсөтүлгөн өзгөртүүнү киргизсин;
- бул токтомду аткарууда, көрсөтүлгөн объектти максатту пайдалануу жагын кыйшаюусуз камсыз кылсын;
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |