Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 27-15/4
Каракол шаарынын №3 МАКӨБнүн башчысы К.Желденовдун, 2017-жылдын 16-январындагы, кир.№01-9/8 катын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул жана Элебаев атн. көчөлөрү тарабында жайгашкан жаңы конуштун бир көчөсүнө Сулайман Адыгеевдин ысымы ыйгарылсын (картага ылайык).
2. Каракол шаарынын мэриясы, бир айлык мөөнөттүн ичинде, көчөнүн аты жазылган табличкаларды даярдоону жана С.Адыгеев атн.көчөнүн бурчтагы үйлөрүнө тактырууну камсыз кылсын.
3. Демилгелүү топ, С.Адыгеев атн. көчөнү абаттоого, жашылдандырууга, "Каракол шаарынын аймагындагы аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды локалдуу жана транспорттук объектилерди атоо тартиби жөнүндөгү" Жобого ылайык, мүмкүн болушунча жардам беришсин.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |