Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 27-15/5
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин 2017-жылдын 1 июнундагы кир.№01-7/276 катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова) Каракол шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө, 11 559 900 сом өлчөмүндөгү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана төмөнкүлөргө акча каражаттарды бөлүп берсин:
а) Каракол шаарынын муниципалдык ишканаларына, шаардын жолдорун оңдоого, шаарды жарыктандырууга жана О.Сейлакунов атн.борбордук сквердин фонтанын реконструкциялоого, 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражатын:
- ЖЧМИ- 2 000 000 (эки миллион) сом;
- КСТжЖЧКК – 3 000 000 (үч миллион) сом;
- "Суу Түтүк" МИне – 5 000 000 (беш миллион) сом.
б) Каракол шаарынын жалпы билим берүү мектептерине пайдаланылган жылуулук энергиясы үчүн – 1 559 900 ( бир миллион беш жүз элүү тогуз миң тогуз жүз) сом:
- №3 гимназия мектебине – 552 500 (беш жүз элүү эки миң беш жүз) сом;
- №4 гимназия-мектебине – 673 200 (алты жүз жетимиш үч миң эки жүз ) сом;
- №7 жалпы билим берүү мектебине – 334 200 (үч жүз отуз төрт миң эки жүз ) сом;
2. ЖЧМИ, КСТжЖЧКК, "Суу Түтүк" ишканалары бөлүнүп берилген акча каражаттарын, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык, максаттуу пайдаланышсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |