Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын 10-сессиясы
2017-жылдын 1-декабры № 89
Айылдык кеңештин жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылды көрктөндүрү жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдьш 20-ноябрындагы протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагынын көчөлөрүндө кызыл чийинден чыккан тосколдук жана ыңгайсыздык жараткан мыйзамсыз курулуштар, тосмолор, үймөкчөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен тыкыс байланьппта иш жүргүзүлүп ирээтке келтирүүгө макулдук берилсин.
2. Кошумча тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн курамында комиссия түзүлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтьша жарыялансын, каттоо реестр журналына катталып, мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылды көрктөндүрү жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.А. Каранаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |