Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын 10-сессиясы
2017-жылдын 1-декабры № 83
Айылдык кеңештин жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылды көрктөндүрү жана транспорт маселелери боюнча жана муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ,СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2017-жылдын 20-ноябрындагы №11 протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жаңы имарат курууга Теплоключенка айылынын Октябрьский көчөсүндөгү телекомдун имаратынын чыгыш тарабындагы 2927,4 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү мамлекеттик органдарынан керектелүүчү иш кагаздары даярдалсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын, каттоо реестр журналына катталып, мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылды көрктөндүрү жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.А.Каранаевге жана муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ,СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы К.О. Бекиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |